Оор жүк ташуучу унааларга ашыкча жүк салууга тыюу киргизүү сунушталууда

Сосновка көзөмөл бекетинде жүк ташуучу 60 жана күйүүчү май ташыган 12 унаа токтотулуп турат. Мурда нормадан ашык жүк жүктөгөн айдоочулар акча төлөп өтүп жүрүшкөн болсо, эми буга тыюу салынарын Жол жана транспорт министри Жамшитбек Калилов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жүктү ашыкча салып ташыган унаалар жолдордун бат жарактан чыгышына алып келет.

"2013-жылы ашыкча жүк артып алган айдоочулардан акча алуу буйругу чыгып, ушул кезге чейин иштеп келди. Бирок биз бул абалды токтотуу үчүн токтомго өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатабыз. Анткени алар жолду талкалашат, бирок алардан түшкөн каражат кайра курууга жетпейт. Биздин бул аракеттерибизди калк туура түшүнөт деп ойлойм", - дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
novayariga
2017-04-20 15:33:54
Жугун ашыкча экен мынча 2000 бер откозуп жиберем дегендердин тамагын тыйылса жакшы болмок. Ашыкча жук жок болсо деле бир донголоко кобуроок жуктолуп калыптыр деп алып жатышпайбы
0
kamchatka
2017-04-20 18:45:00
Ошол ашыкча жуктун акчасында электроный толой турган кылса жакшы болмок арам тамактардын чонтогуно кетпей!
0
baltabaev
2017-04-21 13:17:43
Бул айтылган соз аба менен асманга которулуп кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан