"Элдик видео" бөлүмүнө "Бүгүн кандай тамак жасасам деп ойлонуп жаттыңыз беле?" деген видео жүктөлдү (ник: Chupakabra).
Кезектеги элдик видеодо күрүч менен тооктун сан этинен кантип даамдуу тамак жасоо керектиги көрсөтүлөт. Ага 8 даана тооктун сан эти, күрүч, черри помидорлору, кызыл, ачуу эмес калемпир, сабиз, пияз, жашыл буурчак, суу, туз, май керектелет. Сабиз менен пиязды өзүнчө кууруп алып, калган азыктар менен кошо атайын калыпка салынат. Андан соӊ 180 градуста иштеп турган электр мешине салып бышырылат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.