Кайыңды шаарындагы мектеп окуучуларынын ортосундагы мушташтын келип чыгуу себептери такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнө билдиришти.
Маалыматка караганда, мушташ Кайыңды шаарындагы №1-мектептин жана Панфилов орто мектеп комплексинин окуучулары ортосунда болгон.
Буга чейин жергиликтүү тургун Кайыңды шаарында Жалпы республикалык тест тапшырып жатышкан мектеп окуучулары мушташып, 3 бала ооруканага түшкөнүн билдирген болчу.