Мектепти артыкчылык менен бүткөндөргө бул жылдан тартып жеңилдиктер берилбейт. Мындай маалыматты бүгүн, 20-апрелде Улуттук тестирлөө борборунун директору Артур Бакиров SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, артыкчылык аттестатын алууга талапкер окуучулар 12-майда тест тапшырышат.
"Алар орус, кыргыз тилдери, тарых, математика жана химия сабактарынан тест тапшырышат. Өткөн жылы артыкчылык менен бүткөн окуучулар мамлекеттик экзамендерден бошотулуп, Жалпы Республикалык тестирлөөнүн предметтик тесттерине 20 баллдан кошулган. Коопсуздук боюнча кеңеште бул маселе каралды. Анда тесттин жыйынтыгына балл кошуу же кайсы бир жеңилдиктерди берүү коррупцияга алып барат деген таризде жеңилдиктерди бербөө чечими кабыл алынды. Албетте, бул чечим бизге көп жаккан жок, анда балдар эмнеге аракет кылышат? Моралдык жактан гана аларга жагымдуу болбосо, пайдасы тийбей жатпайбы? А негизи мындай жеңилдиктер ата-энелер үчүн көбүрөөк маанилүү болчу", - дейт Бакиров.