"Ош шаарында унаа токтотуучу жайдын акысы 10 сомдон. Айдоочулар 10 сом бергенден кийин акы алган кызматкерден квитанция талап кылуусу зарыл", - деп билдирди SUPER.KGге бүгүн, 20-апрелде Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Чыңгыз Ташиев.
"Шаарда автотыгындарды жеңилдетүү аракеттери көрүлүүдө. Айта кетсек, мүмкүнчүлүккө жараша жолдорду куруунун, көпүрөлөрдү салуунун, кичи автобустардын жүрүшүнө чектөө киргизүүнүн үстүндө иштер жүрүп жатат. Ал эми базардын айланасындагы баш аламан токтогон унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ош шаарында муниципалдык 21 унаа токтоочу жай бар. Анын акысы шаардык кеңештин 2009-жылдын 13-февралындагы №81-токтомунун негизинде 10 сом болуп бекитилген. Зайнабидинов базарынын жанындагы 200 метр жер муниципалдык унаа токтотуучу жай деп эсептелинет", - дейт Ташиев.
Буга чейин "ЭЛДИК КАБАРга" Зайнабидинов жана Тешик-Таш базарынын алдындагы көчөлөрүнүн жээги унаа токтотуучу жай болуп, жол тыгыны, ыңгайсыздык жаралганын окурман билдирген. Ошондой эле ал ар бир унаадан 20 сомдон алынары тууралуу маалымдаган.