Эскерте кетсек, окурман "Элдик кабар" рубрикасына айрым Мектеп программасындагы китептер ката менен басылып жатканын кабарлаган. Окурман жиберген сүрөттө 9-класстын алгебра сабагы боюнча китептин мукабасындагы ката көрсөтүлгөн. Бүгүн, 20-апрелде Кыргыз билим берүү академиясынын Окутуунун теориясы жана технологиясы борборунун башчысы Елисей Син SUPER.KG порталына сүрөттөгү китеп жасалма экенин билдирди.
"1996, 2003, 2006-жылдары чыккан алгебра боюнча 9-класстын китептеринин мукабаларында эч кандай формула жок. Бир гана аталышы, автору жана графиктер бар. Чынында бул сүрөттөгү китептин мукабасында формулада ката кеткен. Демек, китеп жасалма. Бул жасалма китеп боюнча, мен Билим берүү жана илим министрлигине жана Кыргыз билим берүү академиясынын башчысына маалымдадым", - деди Елисей Син.
Кыргыз жергесинде мектеп китептеринин да жасалмалары чыкканы ойлондурбай койбойт.