Бүгүн, 20-апрель күнү Ак үйдүн алдына депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингге чыгып, аны камактан бошотууну талап кылышкан. Алгач милиция кызматкерлери Ак үйдүн алдына митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтышып, Биринчи Май райондук сотунун токтомун көрсөтүшкөн. Токтомдо Горький сейил багынан башка жерде 13-апрелден 21-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынганы жазылган.
Бул тууралуу Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда, буларга токтотулушту. "Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Ак үйдүн алдында 2 саат флешмоб өткөрөбүз дешкен. Биздин кызматкерлер коомдук тартипти сактап турушту. Эч кандай мыйзам бузуу катталган жок. Чогулгандар саат 12де тарап кетишти", - дешти милициядан.
Айта кетсек, эртең 21-апрелде саат 10:00дө Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги уланмакчы.