"Титаниктин" жүргүнчүсүнүн каты аукциондо 28 миң доллардан башталары күтүлүүдө

Айтылуу "Титаник" кемесинин жүргүнчүсүнүн мурда эч ким көрбөгөн катынын баасы эртең, 22-апрелде өтүүчү аукциондо 28 миң доллардан (1 миллион 876 миң сом) башталары белгилүү болду. Анда эркек киши люкс классындагы саякаттагы жашоосун сүрөттөп, жубайы жана кызы аны менен бирге саякатка чыкпаганына өкүнгөнүн жазган. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Альфонс Симониус-Блюмер аттуу 56 жаштагы швейцариялык банк кызматкери кемеде өткөрүп жаткан күндөрү тууралуу 4 беттүү кызыктуу кат жазган. Анда бай жүргүнчүлөрдүн жашоосун сүрөттөп берген. Ошондой эле ал борттогу гимнастика залына барганын, электр тогу менен иштеген атка, төөгө мингенин, түрк мончосуна барганын баяндаган. Катта кеменин ызы-чуусуз экени, кымбат мейманканага окшош болгондугу жазылган.

Кат "Титаниктин" фирмалык кагазында, 1912-жылы 11-апрелде эртең мененки саат 10:00дө жазылган. Ал учурда кеме Франция жана Ирландиянын жанынан өтүп бараткан. Каттын автору кеме кырсыкка кабылганда куткарылып, аман калган. Эксперттер кат тарыхый маалым кат эмес, анда жүргүнчүнүн жашоосу, сезимдери сүрөттөлгөнү үчүн уникалдуу экенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2017-04-21 13:22:02
Бишкек- Карабалта жолуна болунгон 100млн$ 3жылдан бери банкта турса 9% жылдык депозитте турса Бишкектен баштап ондоп койсонор да ашып ташып жетет экен, асфальттан уномдоп сапатын кетирбей!!! Кечирип койгула болок жака жазганым учун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан