2010-жылы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имараты 120 миллион сомго оӊдолот

Бишкекте 2010-жылкы революцияда күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын оӊдоого тендер жарыяланды. 20-апрелде Мамлекеттик сатып алуулар порталына илинген маалыматка таянсак, имаратты капиталдык оӊдоодон өткөрүүгө 120 миллион сом каралууда.

Тендерди Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы өткөрүүдө. Катышуучулардын арыздары 2017-жылдын 11-майына чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, аталган имарат Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 2010-жылдын 7-апрелинде өрттөлүп, ичиндеги документтер кошо күйүп кеткен. 2013-жылы ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова имаратты өрттөөгө айрым мамлекеттик кызматкерлердин катыштыгы болушу мүмкүн экенин, анткени айрым кылмыш иштери боюнча материалдар дайынсыз жоголуп кеткенин айткан эле.

Ал эми имарат сүрдүрүүлөрүн, ордуна бизнес-борбор куруу сунуштары түшүп жатканын 2015-жылы Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KGstan1981
2017-04-21 12:09:16
Мамлекеттик бюджеттен акча болунбош керек.Ал прокуратураны 2010ж апрельде кимдер(озунчоо псевдоо баатырлар) куйгузгон ошолор ондоп туздоп бериштери керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан