Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-апрелде жумуш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Өкмөт башчы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылындагы Бүргөндү массивиндеги ирригациялык түйүндүн ачылышына катышат. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108-чакырымындагы жакын арада курулуш иштери баштала турган участкасын көрөт.
Мындан тышкары Ош шаарында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эл аралык футбол Федерациясы (ФИФА) тарабынан каржыланган футбол академиясынын жана бокс мектеп-интернатынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышат.