Президент Алмазбек Атамбаев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун улуттук жана дүйнөлүк маданият менен адабиятка кошкон зор салымын эске алып, анын 2018-жылы боло турган 90 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 21-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жарлыкта Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде белгилөө айтылган. Ошондой эле Кыргыз Өкмөтүнө сунуштар жазылган. Анда 2 айлык мөөнөттө Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү жазылган.
Мындан сырткары аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл финансы каражаттарын бөлүүнү кароо айтылган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.