Президент Өзгөчө кырдаалдар министрине адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-апрелде өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына тынымсыз жааган жамгырдан улам ар кайсы аймактардагы чукул кырдаалдардан сактануу чаралары жөнүндө маалымат берилди. Министр Кара-Үңкүр жана Көк-Арт дарыяларында суу ташыганына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды жана Арал айыл аймактарына барып, жээктерди бекемдөө иштерин текшерип келгенин айтып берди.

Кубатбек Бороновдун айтымында, өлкө боюнча бардык жерде тез кыймылдагы штабдар уюштурулду, ӨКМнын бөлүктөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге коркунучтарды жоюу боюнча зарыл чараларды көрүп жатышат.

Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди. Мамлекет башчысы министрлик чукул кырдаалдарды алдын алуу жана турак жай аймактарын суу каптабасын үчүн мониторингди күчөтүп, өз маалында чара көрүүгө даяр туруу зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
odin-takoy
2017-04-21 14:36:30
Мурда эшек такалап журдубу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан