Өлкөдө 1039 жаранга ипотекалык насыя берилди

Өлкөдө 1039 жаранга ипотекалык насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев Жогорку Кеңештин жай отуруп баарлашуу долбоорунун алкагында айтты.

Анын айтымында, насыянын жалпы суммасы 1 миллиард 267 миллион 338 миң сомду түздү.

"Билим берүү тармагында иштеген 445 адамга берилди. Ал эми саламаттыкты сактоо тармагында иштегендерге 210, социалдык өнүктүрүү тармагындагы 30, маданият 31, бюджеттик 323 жаранга берилди. Азыркы учурда насыялар артыкчылык коюлган бюджеттик мекемелерде иштегендерге берилүүдө", - деди ал.

Шамкеев билдиргендей, Бишкекте 387 адамга насыя берилген.

"Чүй облусунда 137, Талас облусунда 26, Нарын облусунда 43, Ысык-Көл облусунда 117, Ош шаарында 182, Ош облусунда 28, Жалал-Абадда 97, Баткен облусунда 22 жаранга берилди", - деп кошумчалады төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан