"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги эстеликтерди жууп-тазалоо, атайын коргоочу заттар менен каптоо иш-чараларын жүргүзө башташты. Мындай иштерди ушул жылдын 7-майына чейин аягына чыгаруу пландалган. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
"Тазалыктын" кызматкерлери эстеликтерди түрдүү аэрозолдук боёктор жана концелярдык чапталгы менен жазылган жазуулардан тазалашат. Ага 3 жуугуч унаа, ар биринде 5тен адам бар 4 бригада тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мэрия кызматы шаардыктарды искусство объектилерине, муниципалдык буюмдарга аяр мамиле кылып, коомдук жайларда маданиятты сактоо менен, эреже бузгандар тууралуу маалыматтарды укук коргоо органдарына маалымдоо зарылдыгын эскертет.