Бүгүн, 21-апрелде Бишкекте Мерседес менен Субару үлгүсүндөгү эки унаа катуу ылдамдыкта кубалашып, Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде эки окуучуну сүзүп кеткен. Окуучулардын учурда абалы өтө оор экенин SUPER.KG порталына "Тез жардам" кызматынан Болот Абдылдаев билдирди.
"Балдардын абалдары өтө оор. Экөөнүн тең баш мээлери чайкалып, ички органдары жабыркаган. Ага кошумча, сыныктары да бар. Учурда алар 3-балдар ооруканасындагы доктурларга өткөрүлдү", - деди Болот Абдылдаев.
Белгилей кетсек, окуя болгон жерден "08 382 ААF" унаа номери табылды.