Кыргыз жеринде жаңы 2 авиакаттам ачылары күтүлүүдө. Жайкы туристтик сезонго карата Новосибирск-Тамчы жана Ташкент-Тамчы каттамдары ачыларын 21-апрелде Транспорт жана жол министрлиги маалымдады. Аталган багыттагы каттамдарды ачуу боюнча азыркы учурда сүйлөшүү жүрүп, техникалык маселелердин үстүндө иш жүрүп жатканы айтылды. Андыктан каттам кайсы күнү ачылары так белгисиз.
Кыргыз мамлекетинин Жарандык авиация агенттиги Ысык-Көлгө авиакаттам ачуу сунушу менен Кытай, Тажикстан жана Латвиянын авиакомпанияларына да сунуш жөнөткөнү белгилүү болду. Бишкек-Пекин, Бишкек-Шанхай каттамдарын ачуу боюнча Кыргыз авиакомпанияларынын бири 2 жылдан бери Кытай тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы, 2017-жылдын май-июнь айларында каттам ачылышы мүмкүн экени айтылат маалыматта.
Ал эми аталган багыттар боюнча каттам киргизүүгө Кытайдын авиакомпаниялары кызыкдар болбой жатканы белгилүү болду.