Бишкек шаарынын Киев-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган 135-кичи автобус менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу 22-апрелде окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Кырсык саат 10:30 чамасында болгон, эч ким эч кандай жаракат алган жок. "Менин байкашымча, кичи автобус жол чырактын кызылы жанганда өтүп кетүүгө аракет кылып, жеңил автоунаа келип сүздү", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.