2017-жылдын 4-апрелинде Кыргыз жеринен Түштүк Кореяга жүрөк кемтиги менен төрөлгөн 5 бала жиберилген эле. Аларга акысыз операция жасалып, операция ийгиликтүү өткөнүн 22-апрелде Кызыл жарым ай коомунан билдиришти. Азыркы учурда балдарды ооруканадан чыгарууга даярдык көрүлүп жатат. Алар 26-апрелде Бишкекке кайтып келишет. Балдардын операциясынын акчасын, жол кире, тамак-аш жана жатаканасынын чыгымын кореялык медициналык борбор төлөгөн.
Балдар каражаты тартыш ата-энелерге жардам көрсөтүүгө багытталган атайын программанын алкагында операциядан өтүштү. Бир баланын операциясынын чыгымы 36 миң долларды түзгөнү айтылат маалыматта.