Кыргыз спортчулары Москвадагы түнкү клубда кыздарды коргоп, мушташка түшүштү

Кыргыз спортчулары Москвадагы түнкү клубда кыздарды коргоп, мушташка түшүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 19 жаштагы Низам Жунус уулу жана 23 жаштагы Бекболот Абдылда уулу аттуу кыргыз мушкерлери 22-апрелде Орусиянын Курск шаарында өтө турган аралаш күрөш искусствосу боюнча "Битва титанов" турнирине катышууга чакыруу алышкан. Анда башкы жекеме жеке чыгууга ММА ардагери Жефф Монсон менен Максим Новосёлов катышмак. Кыргыз спортчулары мелдешке даярдык көрүү үчүн машыгууга акча табууну көздөп, Москвадагы түнкү клубдардын бирине кароолчу болуп жумушка орношкон.

18-апрелден 19уна караган түнү клубга келген коноктордун бир тобу кыздарга тийише баштаган. Мындан улам кыргыз жигиттери аларга эскертүү беришкен. Бирок алкоголдук ичимдиктерди көп ичип алган эркектердин тобу алардын сөзүн укпай бийлөөчү аянтка кыздарды сүйрөп чыга баштаган.

"Биз үчүн кыздардын абийири, ар-намысы бийик тургандыктан, мушташа кеттик. Уруштан кийин бирөө эс-учун жоготуп койду, экинчисинин муруну сынды. Көп өтпөй полиция кызматкерлери бизди алып кетишти. Биз кылгандарыбызга өкүнгөн жокпуз. Өзүн эркек деп эсептеген ар бир адам ушундай кадамга бармак", - деп билдирген 19 жаштагы Низам Жунус уулу.

Окуядан кийин спортчулар 2 күн тартип сакчыларынын имаратында болушкан. Андан кийин сабалган адамдар арызын алышып, кыргыздар бошотулган.

Кыргыз спортчулары Москвада кыздарды коргоп мушташка түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
bond
2017-04-24 11:06:36
Кыргыздын клубунда кыргыздарды эле ургансынарда
+10
Savai80
2017-04-24 11:13:49
Спортчу кыргыз балдар Москвада жалан гана кыргыздар иштеткен кафе-тунку клубдарда охрана кызматында иштешет. Ал жерге кыргыздардан башка эч ким барбайт. Скорей всего булар кыргыздарды эле урган. Мас экен деп жатпайбы, спортчу болуп туруп булар маска тенелбей эле коюшпаптыр.
+14
Bek4590
2017-04-24 11:18:11
Негизи тунку клубга кароолчу болгон туура эмес, бирок жумушка орношкондон кийин, ошол жердеги тартипти сактоого милдеттуу болуп калат. Жигиттер туура эле кылган. Алга Кыргызстан!!!
+14
rahmed
2017-04-24 11:18:38
Коргобосо дагы жамандайсыңар
+20
student-95
2017-04-24 11:34:23
коргосо дагын жамандайсынар
тушуп болбойт
+13
gulmira12345
2017-04-24 11:44:55
айланайын кыздар атайын иштегени келгенден кийин жоон эле отурбайсынарбы ишини иште бироо сенин мышыгыны пыш дебейт
+14
Mir_84
2017-04-24 12:02:57
Эркек экенсинер
+11
baltabai
2017-04-24 12:25:43
Erkek singo
-1
erkeleim
2017-04-24 13:04:09
Жон эле койбопсунар тунку клубга ошону каалаган кыздар барат эч алгысы келген кыздар кундузу чыгышат
+6
meni_kut
2017-04-24 13:20:57
Тунку клубка барган кыздарга мин наалат
+12
mirbek2211
2017-04-24 13:31:09
Тигиге өзү айтып берип, кайра өзү которуп бербей эле сразу эле өзү жооп берип койбоптурда.
+5
Ibragim.osh2016
2017-04-24 17:02:52
клубдагы охранник балдар ото жаман мамиле кылат катып эле бир жонокой бала ичип тополоң кылса 2.3машина бала келет разборка чечкени бир тушунбогон адамы болсо жон эле уруп тепкилеп киришет коргом мен ангел клубдан
+4
Jyrgal_msk
2017-04-24 20:21:49
Кээ бир клубдарда кыргыз кыздары дайыма келишет.Тан каласын.Же иштеген иштери жокбу,же акчасы коппу.Ошол кыздар менен охранник,официант балдары тааныш.Уруштун баары ошол кыздар аркылуу болот.
+4
zkd92
2017-04-24 23:57:27
Клубка атайын чакырылган кыздар болот аларды бийге тартсан созсуз уруш болот.алар клиент топтош учун анан акча сындырыш учун чакырылат.кыргызды кыргыз уратта качан эле кыргыз кыргызга болушту эле.Надо качать мозги а не мышцы.
+2
Targarien
2017-04-25 11:07:31
Эгер мастарды уруп бузулуп кеткен кыздарды коргодук десенер не считается
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан