Өкмөт башчы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисин сынга алды

Бүгүн, 24-апрелде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аны жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга карата мүлктүк камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында айыл жергесиндеги элдин турак жайларын камсыздандыруу боюнча маалыматтар көпчүлүгүндө жоктугун айтып уюмдун ишмердүүлүгүн сынга алды.

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын башкармалыгынын башчысы Бакыт Жумашевдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 4638 турак жай камсыздандыруу уюму менен келишим түзгөн. 2017-жылдын 1-кварталында үч жаранга 133 006 сомдук камсыздандыруу төлөмүн берген. Төраганын берген маалыматынан улам Сооронбай Жээнбеков турак жайды камсыздандыруу боюнча жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2015-жылы 50 миллион сомдук уставдык капитал менен түзүлгөн. Айыл жергесиндегилер жылына 600 сом, шаардыктар 1200 сом төлөп, турак жайын камсыздандырышы керек болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Seryi-Kardinal
2017-04-24 13:25:26
4638*600=278280-133006=2649794 taza paida,kimdin chntoguno tuwup atat
+3
Muratmipa
2017-04-24 14:19:45
Тушунсон бул жакшы нерсе бирок бизде закон иштебейт
+1
kenjebek_a
2017-04-24 15:45:05
Олгон адамдардын устунон акча жепийишет,анан тируулор которгон акчаны тим эле кой.Бул бийлик азыр оздорун кудайдан ойдо ойлоп алган.
+1
Kroxa
2017-04-24 17:33:14
Камсыздап койгон жакшы бирок закондон мурун ал уйдон светтен же башкадан от чыгып орттонсо толонбойт экен только жаратылыш кырсыгы катталган учурда..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан