Өлкө боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 647 ардагери бар

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2017-жылдын 1-апрелине карата Кыргыз өлкөсүндө Улуу Ата Мекендик согуштун 647 ардагери жашайт. Алардын 176сы согуштун майыптары, катышуучулары 418, өспүрүм курагында концлагерде туткунда калгандар 25, Ленинград блокадачылары 28ди түзөт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат катчылыгы билдирди.

Эскерте кетсек, учурда Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 7000 сом, тылда эмгектенгендерге 2000 сом, каза болгон согуштун ардагерлеринин жесирлерине 1000 сом өлчөмүндө пенсия каралган. 2010-жылдан тарта согушка катышкандар, майыптар, блокадачылар, туткунда калгандар ай сайын 10 000 сомдон өмүрүнүн аягына чейин берилчү президенттин стипендиясын алып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sirgak_92
2017-04-24 15:23:40
Жаль
+1
anar8672
2017-04-24 16:16:39
Азайып кетиптирго
+2
k.anara
2017-04-24 23:37:36
Ардагерлерди 9-май жакындаганда гана эстешет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан