Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Толук айылын район менен байланыштырган жолго 5-апрелде жер көчкү түшкөн. 20 күндөн бери район менен байланыш үзүлүп, айыл эли кыйналып жатат. Бул тууралуу "Элдик кабарга" окурман билдирди.
"Айыл борбордук бөлүктөн 110 чакырым алыс жайгашкан. Айылдан районго чейин 4 сааттык жол, ал эми калктын саны 3800 адам. Айылыбызда азык-түлүк кымбаттап, негизги азык - ун тартыш болуп жатат. Толук айылы бүгүнкү күндө жардамга муктаж болуп турат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.