Аскар Салымбековдун жубайы Гүлмира Мамбеталиева узак убакытка созулган оорудан улам 25-апрелге караган түнү 61 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдиришти.
Алардын айтымында, сөөгү 27-апрелде Аламүдүн районунун Кой-Таш айылына коюлат.
Айта кетсек, Гүлмира Мамбеталиева 1956-жылы туулган. Ал "Дордой" ассоциациясынын вице-президенти кызматын аркалаган. Мындан тышкары Мамбеталиева Кыргыз Дипломатиялык академиясынын профессору, мектеп окуучуларынын арасындагы "Жаш таланттар" республикалык кароо-сынагынын негиздөөчүсү болгон. Ошондой эле бир катар кайрымдуулук иштер менен алектенип келген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Гүлмира Мамбеталиеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.