“Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Лисицин Кыргыз өлкөсүнө Ярослав облусунда жайгашкан “Кыргызстан” совхозун сатып алууну сунуштап жатат”, - деп “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров бүгүн, 25-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында билдирди.
Анын айтымында, Лисицин менен жолукканда совхоздун жалпы аянты 30 миң гектар жерди түзө турганын билдирип, эки элдин достугун бекемдөө үчүн сатып алууну сунуштаган.
“Мен анын бул сунушун өкмөткө жеткиреримди билдиргем. Биздин өлкөнүн калкы көбөйүп жатат. Бирок мамлекеттин аянты ошол бойдон эле турат. Орусиянын депутатынын сунушун өкмөт карап көрсө жакшы болот”, - деди ал.
Тышкы иштери министри Эрлан Абдылдаев бул маселе боюнча каралып жатканын билдирди.
Аталган комитеттин жыйынында өкмөт бир жылдык аткарган иши тууралуу отчёт берүүдө.