"Акыркы коңгуроону" кафе-ресторандарда, жаратылыш коюнунда майрамдоого министр тыюу салды

КРнын Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева мектептеги акыркы коңгуроо майрамын 25-майда өткөрүү боюнча буйрукка кол койду. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт. Буйрукта мектеп директорлорунун, мугалимдеринин майрамды өткөрүүгө карата акча чогултууларына жана бүтүрүүчү класстар көңүл ачуучу кафе, ресторандарга, табият коюнуна чыгып эс алууларына тыюу салынгандыгы айтылат.

Акыркы коңгуроону өткөрүүгө класс жетекчилер менен ата-энелер комитеттеринин башчылары түздөн-түз жоопкерчилик алышат. Майрамдык салтанат мамлекеттик символдор менен кооздолуп, жасалгаланышы, Кыргыз Республикасынын гимни менен коштолушу керектиги буйрукта кошумчаланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bek.94
2017-04-25 12:00:19
ушул буйрук аткарылса экен.
+7
Alixan-Nookat.2015
2017-04-25 12:38:49
Биз убагында жакшы өткөрүп алган экенбиз ата-энелер, мугалимдер жок эле тынч азыр бул тыюу салуу бир жагынан кысым көргөзүү деп ойлойм бир жагы коопсуздукту камсыз кылуу.
-4
Rifle_I
2017-04-25 13:57:19
Кысым көрсөтүү эмес. Жаштар бузулду. Анан да колунда жокторго жеңилдик болот.
0
solntse95
2017-04-25 12:54:00
Жылда эле тыюу саласынар, эч ким аткарбайт.
+8
Ibragim.osh2016
2017-04-25 14:56:07
аткарылбайт ошол созу барибир айылдарда же кафеде болот чондордун балдары баш болуп кафелейт ошол куну колуна акча карматат ойноп ал деп
+1
Kroxa
2017-04-25 15:42:45
Ашыкча шаан шокоттун кереги жок,,бирок конгон адат калбайт го...
+1
sabyr86
2017-04-25 15:48:10
Кармалгандар 15 сутка камалат деш керек эле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан