21-апрелде жол кырсыгынан жабыркаган мектеп окуучуларынын бирөөсү эс-учун жоготкон бойдон төрт күндөн бери өзүнө келбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жабыркаган эки мектеп окуучусу Бишкек шаардык 3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Бирөөсү кечээ өзүнө келгени белгилүү болгон, анын абалы жакшы.
Эскерте кетсек, кырсык 21-апрелде Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Балдарды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалып, күнөөсүн моюнга алган.
Кырсыктан жабыркаган балдардын бири 2007-жылы туулган М.Э. аттуу окуучунун сол колу сынып, мындан тышкары ал ичинен жаракат алган.
Экинчи жабыркаган бала 2007-жылы туулган С.А. аттуу окуучунун сол бутунун кыр сөөгү эки жеринен сынган. Ошондой эле ал ичинен жана сол санынан жаракат алган.