Жарандык активисттер жол кырсыктарын азайтуу аракетинде 4 жогорку инстанцияга петиция жазышканын билдиришти

Жарандык активисттер жол кырсыгын азайтуу аракеттерин көрүп, 4 жогорку инстанцияга петиция жазышканын бүгүн, 25-апрелде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анда негизги 5 талап камтылган.

"Биз президентке, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин төрагасына, Жогорку сотко кат жолдодук. Жарандардын коопсуздугун коргоо түздөн-түз мамлекеттин милдети. Бирок, мына, Ички иштер министри дайындалганына 6 ай болгону менен "коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча ооз ача элек. Буга чейин долбоорду ишке ашырууда, тендер өткөрүүдө катачылыктар кетиптир деп жатышат. Бул алардын кемчилиги", - деди активист Мирсулжан Намазаалы.

Петициядагы 5 талап:

1. "Коопсуз шаар" долбоорун тез арада ишке ашыруу;

2. Коомго кызмат кылган Патрулдук милициянын ишин жакшыртуу;

3. Айдоочулук күбөлүк берүүдө ачык айкындуулукту камсыздоо;

4. Соттордун коррупциялык чечим үчүн жеке жоопкерчилик алуусу;

5. Бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин бул тармакта жогорулатуу.

Бул пландарды аткаруу үчүн 6 айлык мөөнөт коюлууда. Онлайн байланыш менен петицияга кошулуп, коопсуздукту жоюуга 1200дөн ашык жаран жазылды.

"Социалдык ролик, флешмоб, жарандарды унаа айдоодо эрежелерди сактоого чакырган аракеттерди жүргүзөбүз. 6 айдан кийин кайсы инстанциялар биздин демилгебизди колдогон же колдобогондугу тууралуу жана статистика боюнча калкка отчёт беребиз", - дешти активисттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazy
2017-04-25 15:01:39
Водительский праваларды сатпай окутуп уйротуп бергенде мындай жол кырсыгы катталбайт беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан