Бишкектин тегерегиндеги унаага газ куюучу жайлар текшерилүүдө

Мамлекеттик экотехинспекциянын инспекторлору Бишкек шаарынын айланасындагы газ куюучу жайлардын коопсуздугун жана мыйзамдуулугун текшерүүгө алып жатат. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

"Мыйзамга ылайык, газ сатылуучу жайлар эл отурукташкан жана коомдук жайлардан оолак болушу шарт. Бирок буга карабастан бүгүнкү күндө мыйзам бузуу фактылары четтен чыгууда. Мисалы, айрым газ сатуучу ишкерлердин докменттери толук эмес болсо, кээ биринин туш келди жерлерге газ толтурулган унааларды токтотуп сатып жаткан көрүнүштөр аныкталды. Учурда бул багытта текшерүүлөр күчүнө кирип, мыйзамсыз өз билемдик менен сатып жаткандарга чара көрүлүүдө. Мыйзам бузуп жаткан жарандарга алгач эскертүүлөр берилип, анын негизинде мыйзамдаштырганга мөөнөт коюлган. Эгерде берилген убакытка чейин тиешелүү документтер толтурулбаса, материалдар сотко өткөрүлөт", - дешти инспекциядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан