Өкмөт: "Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүдө электр энергиянын баасы жогорулабайт"

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүдө электр энергиянын баасы жогорулабайт. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, долбоордун 3-фазасында станциянын калган эки турбоагрегатын алмаштыруу каралат. "Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 мегаваттка чейин жогорулатылат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоордун болжолдуу суммасы 175 миллион доллар, мунун 110 миллион доллары – Азия өнүктүрүү банкынын салымы. Ал эми 40 миллион доллары Евразия өнүктүрүү банкынын жеңилдетилген насыясы, 25 миллион доллары Кыргыз Республикасынын салымы болуп эсептелет", - деди Зилалиев.

Жыйынтыгында "Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү. 3-фаза" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору комитетте жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
didu
2017-04-25 21:00:56
электр энергяны импортолгонуна байланыштуу деп бааны которуп азыр импорту жок эле Ошо наркта эсептешип жатышатко , же эсинен чыгып калдыбы тушуруш.
0
Nurbek_aika
2017-04-25 21:05:38
Гидрогенератор болсо керек,турбогенераторлор ТЭЦте болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан