Индиянын Нью-Дели шаарында кыргыз улуттук ашканасынын жумалыгы болуп өттү (фото)

Индиянын борбору Нью-Дели шаарында кыргыз улуттук ашканасынын жумалыгы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кыргыздын улуттук тамак-аштарын көрсөткөн бул иш-чаранын максаты - ата мекендик продукцияны Индияга жайылтуу, кыргыз элинин салты, маданияты менен тааныштыруу болгон.

"Нью-Делидеги ресторандардын бириндеги конокторго 1 аптадан ашык Кыргыз мамлекетинен алынган азыктардан даярдалган тамак-аштар берилип жатты. Жумалыктын алкагында дайымкы менюга кыргыздын улуттук тамак-аштары да киргизилди. Беш бармак, куурдак, манты, палоо, боорсок, чак-чак өңдүү бир топ тамак-аштар дасторкондун үстүнө коюлуп конокторго тартууланды. Ашкана жумалыгы кыргыздын кол өнөрчүлөрүнүн эмгектеринин көргөзмөсү, "Балажан", "Чолпон" музыкалык-бий топторунун таланттары менен коштолду", - деп жазылат маалыматта.

Иш-чарага күбө болгондор кыргыздын улуттук тамак-аштарынын экологиялык жактан таза экенине баа беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
salimbek87.kg
2017-04-25 20:03:22
Оо кандай соонун,азаматсынар.
-1
oscar
2017-04-26 00:33:14
Жакшы азаматсынар палоо менен манты кыргыздын улуттук тамак ашы эмес бирок
0
etaj_rus79
2017-04-26 02:41:26
oscar,эмнеге эле манты палоо десе эле биздики эмес дей бересинер бизде эмне улуттук тамак ашка ушунчалык кембагал кедебизби...биздики эмес деп олтуруп дуйного озбек казактар даже биздин тамактарды биздин улуттук тамак деп тааныштырып атат..тундукто ата бабасы палоо жебесе туштукто ата бабабыз ашты мантына жеп келишкен демек ал тамактарда бизге улуттук тамак болуп саналат
+1
oscar
2017-04-26 08:46:45
Манты лагман ашлянфу ганфан бул бут дунгандардын улуттук тамак ашы да аны эмнесин талашып атасын... биздики бешбармак куурдак казы карта чучук олобо ж.б.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан