Алмазбек Атамбаев транспорт жана жол министрин кабыл алды

25-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловду, Ысык-Көл облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Министр облустун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүнүн иштери тууралуу президентке маалымат берди. Мамлекет башчы коноктордун коопсуз эс алуусун камсыздоо үчүн жайкы туристтик сезонго мыкты даярдануу зарылдыгын белгиледи. Даярдалып жаткан иш-чаралар менен белгиленген долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу аркылуу туристтик агымды күчөтүү облустун өнүгүүсүнө шарт түзөт деген пикирде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан