1599-жылы 25-апрелде Англиянын, Ирландиянын, Шотландиянын белгилүү саясатчысы Оливер Кромвель Англиянын Хантингдон аттуу жеринде туулган. Ал Англиядагы революциянын жетекчиси, эң кыйын делген аскер башчы жана мамлекеттик ишмер, 1643-1650-жылдары парламенттик армиянын генерал-лейтенанты, 1650-1653-жылдары лорд-генерал, 1653-1658-жылдары Англия, Шотландия жана Ирландиянын лорд-протектору болгон.