Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында үйлөнүп жаткан жубайлар чоң тойго ысырапка кетчү акчага атасыз калган балдарга белек алып беришти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
"Мындай чечимге келген жубайлар - 26 жаштагы Арапбай менен 21 жаштагы Жумагүл белектерди райондогу борбордук мечитинде тапшырышты. Алар үлпөт тоюнда ысырапкорчулукка жол берүүнү каалаган эмес. Жубайлар үлпөт тоюн шаңдуу өткөрүүдөн баш тартып, атасыз калган балдарга белек таратты", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.