ЭЛДИК КАБАР: Алайда карагайлар отургузулууда

Ош облусунун Алай районунун Чыйырчык ашуусунда карагайлар отургузулду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Гүлчө, Кыркол, Согонду, Мурдаш жана башка көп айылдардын мүрзөлөрүнө жалаң арчадан жасалган кабырларды тургузуу токтобой келатканын байкоого болот. "Ал тургай мындай көрүнүш Ош шаарынын Фуркат айылындагы мүрзөдө да кездешет. Арча Кыргыз жергесинде жаңгак менен катар өзгөчө баалуу дарак статусуна ээ болгондугуна карабай, ушинтип жылдан жылга азаюуда. Тоо экосистемин талкалаган токойлорго болгон мындай жапайы мамиле кандай кесепеттерге алып келип жатканы көрүнүп турат", - деген пикирде окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-04-26 18:22:01
Отургузганы жакшы,,жаратылыш жашылданса кандай кооз биздин тоолорда жайы кышы жапжашыл карагай суктанчу жер..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан