Орусияда өлтүрүлгөн Кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Орусияда өлтүрүлгөн Кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 24 жаштагы Айзат Жумабекованын сөөгү кечээ, 25-апрель күнү жөнөтүлгөн.

Айта кетсек, 9-апрель күнү Москва шаарында Айзат Жумабекова жашаган батирге белгисиз адам кирип, аны муунтуп өлтүрүп кеткен. Анын 6 айлык боюнда болгон. Ал батиринде 4 Кыргыз жараны менен бирге жашаган. ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмышка шектүү кармала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirbek2211
2017-04-26 10:28:29
ким болсо да жазасын алсын сөзсүз.
+5
Boldukan86
2017-04-26 14:53:54
ээ кудай эмне болуп кетти анчалык. жазасын алсын ким болсо да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан