Москвада 14 Кыргыз жаранынын өмүрүн алган өрт: Басмакананын жетекчиси ага тагылган айыптарды толугу менен моюнуна алды

Кечээ, 25-апрель күнү Москва шаарынын Бутырское райондук сотунда 14 Кыргыз жаранынын өмүрүн алган өрт боюнча сот отуруму болду. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин маалыматында, “Печатный экспресс” ишканасынын директору Сергей Москвин ага тагылган айыптарды толугу менен моюнуна алган. Ал эми башкы инженер Антон Яцков кырсык болгон жерде анын күнөөсү жок экенин айткан. Кийинки соттук отурум 28-апрелге белгиленгени маалым болду.

Орусиянын Тергөө комитетинин билдиргени боюнча, өрттүн келип чыгуусуна жарыктандыруучу жабдыктардын иштен чыгышынан улам жаралган техногендик фактор себеп болгон. Имараттын ичиндеги тез күйүп кетүүчү буюмдар өрттүн күчөп кетишине алып келген. Ал эми имараттын түзүлүшү өз алдынча өзгөртүлгөндүктөн жумушчулар сыртка чыга албай калышкан.

Эске салсак, 2016-жылы август айында Москва шаарында басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза тапкан. Алардын ичинен 14 адам Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Басмакананын директору Сергей Москвин жана башкы инженери Антон Яцков ишканада коопсуздук эрежелерин толук камсыз кылбаганы үчүн айыпталышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2017-04-26 16:00:53
Маркумдарга да компенсация жагын жакшылап караса жакшы болмок, кээ биринин аркасынан жетим, жесир калды, маркумдардын жайы жанаттан болсун!
+4
almaz2880
2017-04-26 19:50:05
Россияда камалса бизде кырктан ашык киши олсо дагы эч Ким куноолуу эмес Атамбаев тылтыйып олтурат креслосунан кеткиси келбей эч нерсе болбогонсуп жизнь бумеранг ал маркумдардын жакындары кандай сыздаса куноолу Адам андан эки эсе сыздайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан