2017-жылдын 20-июнунда өлкөдөгү мектептин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 9-11-класстын окуучулары үчүн бүтүрүү кечесинин күнүн бекитти. Өлкөдөгү бардык мектептерде аттестат тапшыруу жана майрамдык иш-чаралар 2017-жылдын 20-июнунда саат 10:00дө өтөт", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мыйзамсыз акча чогултуулар боюнча мектеп директорунун иштен кетишине чейинки жазалар каралган.
"Түнкүсүн мектептин айланасында, ар кандай көңүл ачуучу жайларда, кафе, ресторандарда бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салынат. Окуучулардын коопсуздугуна мектептин директору жана мугалимдер жамааты жооп берет.
Бул күнү 24 саат бою мектептин коопсуздук кызматкерлери, укук коргоо кызматкерлери жана ата-энелери окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөшөт", - деп билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, мектептеги акыркы коңгуроо майрамы 25-майда өтөт.