Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Бишкектеги Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде мектептен чыгып бара жаткан 2 окуучуну Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Бүгүнкү күндө окуучулардын бири Эрбол Мамажакыповдун абалы жакшы. Ал эми Алимбек Сыранов эсине келгени менен, абалы оор бойдон калууда.
Эрбол Мамажакыповдун чоң энеси Айсулуу Калбаева небересинин абалы тууралуу буларга токтолду:
"Неберем куспай, тамак жеп калды. Азырынча башын көтөрө албайт. 3 күн мурун айдоочунун туугандары келишкен, бирок биз алар менен сүйлөшпөй койгонбуз. Ооруканадагыларга "палатага киргизбегиле" дегенбиз. Биз болгону сүзүп кеткен айдоочу мыйзамга ылайык жазасын алсын деп жатабыз".
Эскерте кетсек, ички иштер министри Улан Исраилов айдоочунун ата-энеси тосмо арыз берүүнү суранып жатканын айткан.
Алимбек Сырановдун апасы Жылдыз Матеимова айдоочу тараптан карыялар келип, бирок алар менен сүйлөшпөй жатканын кабарлады.
"Тергөөчү айдоочу азыр 1 айга камакка алынганын айтты. Алимбек 5-балам. Мурда күнү эсине келген. Бир көзүн ачып жатат. Оң капталы иштеп, сол капталы кыймылдабай жатат. Дары-дармектер оорукананын эсебинен алынууда. Сүзүп кеткен айдоочу мыйзамдын алдында жооп беришин гана талап кылабыз. Ал буга чейин дагы бирөөнү сүзүптүр. Ойлонбойбу эми, токтотуу керек да. Менин баламдын абалын азыр мен эле түшүнүп жатам", - дейт Жылдыз Матеимова.