Бүгүн, 29-апрель дем алыш. Кайсы чиновник иш эмес күнү кызматтык Кадиллак автоунаасын пайдаланып жүрөт? Мыйзамга ылайык, дем алыш күндөрү кызматтык унааларды жеке иштерге пайдаланууга жол берилбейт эмеспи...
Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлап, автоунаанын ээси ким экенин билип, аты-жөнүн элге жарыялоону талап кылды.
"Кызматтык Кадиллак Сокулукта "Фрунзе" соода борборунун алдында токтоп турат. Бул соода борбору чиновниктердин биринин бизнеси эмеспи? Эмне үчүн кызматтык унааны жеке максатта пайдаланып жүргөнүнө жооп берсин", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.