Алай районунда жаңы жер көчкү жаракалары пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"ӨКМнын Алай райондук бөлүм башчысынын телефон аркылуу берген маалыматы боюнча, аталган райондун Кабылан-Көл айыл аймагынын Курулуш айылында 1-май күнү саат 10:00дө жаңы жер көчкү жанданып, 3 метрге чейин сүрүлгөн.
200 метр алыстыкта 2 турак үй жайгашкан. Көчүрүү иштери жүргүзүлүп, тургундар туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү. Айыл аймак тарабынан көзөмөлгө коюлду. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.