Швейцариялык машина аталган белгилүү альпинист Эверестте каза болду

40 жаштагы белгилүү Швейцариялык альпинист Уэли Стек (Ueli Steck) Эверестте каза болду. Бул тууралуу кечээ, 30-апрелде Непалдын альпинисттер Федерациясы "Agence France-Press" басылмасына билдиришкен.

"Бүгүн эртеӊ менен Нупце чокусунда каргашалуу окуя болду. Балким, Стек тайгаланып кеткендиктен каза тапты", - деп билдирген Непалдын альпинизм Федерациясынын башчысы Анг Церинг Шерпа.

Анын айтымында, Уэли май айында дүйнөдөгү эӊ бийик чокуга көтөрүлүүнү пландаган, болгондо да жаӊы жол менен. Спортчунун сөөгү Эверестте табылып, учак менен Катмандуга жеткирилген.

Стектин иштермандыгы үчүн аны швейцариялык машина деп аташчу. Ал өзү жалгыз, белгилүү жолдор менен бийиктикке чыгуу боюнча бир нече рекорд жасаган.

2015-жылы бийиктиги 4 миӊ метрден ашык болгон, бардык 82 альпинисттик бийиктикти 62 күндө багындырган.

Эверест – Жердин эӊ бийик чокусу ( деӊиз деӊгээлинен 8848 метр бийиктикте). Анын бийиктигин багындыруу учурунда 250 миӊден ашык адам каза болгону айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-01 17:21:10
Ушудан коро Кыргыз тоолоруна келип койчу болбойбу
-1
33SUUN
2017-05-01 22:04:11
Эверест канча менмин деген альпинисттердин омурун алган.Тоо жашоосу мин кылымдык а Адам жашоосу бир кундук.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан