Өзгөн районунун Заргер айыл аймагынын Аюу айылында жер көчкү алдынан табылган жансыз денелердин бири жерге берилип, экөөнү туугандары Жалал-Абадга алып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдиришти.
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Азыркы убакытка чейин 3 адамдын жансыз денелери табылган. Калган сөөктөрдү издөө иштери уланууда.