"Элдик видео" бөлүмүнө кыргыздагы кыз ала качуу тууралуу видео жүктөлгөн. Анда чет тилинде "Бул 21-кылымдагы коркунучтуу чындык, кыздарды көчөдөн эле алып кетишет", - деп жазылат. Ошондой эле укук коргоочу "Кыз ала качууга күйөө боло турган жигиттин достору, туугандары, айылдагы кадыр-барктуу адамдар ал тургай, дин өкүлдөрү да кийлигишет", - деп билдирүүдө.
Видеого тартылган келиндердин бири "Кыргыздардын менталитети мындай: күйөөгө чыктыңбы, кайра артка жол жок. Ал түрү суук болобу, Кинг-Конг болобу жашайсың", - деп айтат.
"Мындай көрүнүш дүйнөнүн 17 өлкөсүндө, бирок негизинен Борбордук Азия мамлекеттеринде көп кездешет. Кыргыз өлкөсүндө ар бир 40 мүнөт сайын кыздарды ала качуу болот", - деп жазылат видеодо.
Видеону көрүү үчүн шилтемени басыңыз.