Кош бойлуу кезимде эки балам менен көчөдө калып, кошунамдыкында баш калкалап жүргөнүмдө кайрымдуу адамдар жардам колун сунду. Мындай маалыматты бүгүн, 1-майда SUPER.KG порталына Бактыгүл Жамбылбек кызы айтып берди.
Белгилүү болгондой, буга чейин Жамбылбек кызынын оор турмушта жашап, эки баласы менен коңшусунун үйүндө жашап жатканы туурасында маалымат жарыяланган.
"Буга чейин SUPER.KG порталынын журналисттери келип абалымды сурап, кайрымдуу адамдар бар экенин айтканда ишенген эмес элем. Сиздер аркылуу тагдырым коомчулукка жарыялангандан кийин колу ачык адамдар келип кийими жок ач калып, ток калып жүргөн эки балама белгисиз адамдар кийим-кече сатып беришти. Кийин дагы башка адамдар келип кошунамдын үйүнөн башка жакка көчүрүштү. Алар батирдин 2 айлык ижара акысын төлөп берип кетишти. Мындан башка мага жардам бергендердин баарына ыраазымын", - деп билдирди Жамбылбек кызы.
Бактыгүлдүн айтымында, ал азыр 8 айлык кош бойлуу. Жолдошу эмдигиче кайрылып келе элек. Төлөнгөн ижара акысынын мөөнөтү май айынын аягында бүтөрүн кошумчалады. Батирдин бир айлык ижара төлөмү 2500 сом.