29-апрелде Бишкек шаарынын 139 жылдыгына карата борбор калаадагы фонтандар иштей баштаган. Алардын катарында Абдрахманов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Күн балыктары" фонтаны бар. 2016-жылдын күз айында ага курулган мезгилинен бери алгачкы жолу оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда шаар тургундары жаңыртылган фонтанга мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк келишип, эс алып жатышканын байкоого болот.
"Бишкек суу-канал" ишканасынын кызматкеринин айтымында, фонтан саат 10:00дөн 21:00гө чейин иштейт. Ал эми түштө 13:00дөн 15:00гө чейин техникалык тыныгуу болот. Ишкананын кызматкери 7 жылдан бери фонтанда иштээрин, 5 жыл мурда ушул жерден азыркы жубайы менен таанышканын кошумчалады.
"5 жыл мурун ушул фонтандын айланасында бир келин эс алып жүргөн экен. Мен анын жанына барып, фонтандын дарылоочу, жаман энергиялардан арылтуучу касиети бар экенин айтып калдым. Ошентип экөөбүз таанышып, күн сайын жолугуп, жылдызыбыз келишип, түтүн булатып калдык. Бул фонтанды "Тилектер фонтаны" деп дагы атап койсок жарашчудай", - деди ал (күлүп). Ошондой эле ал бул жерге келген эс алуучулардын тамекинин калдыктарын таштанды салуучу челекке таштабай, ачык жерге ыргытып жатышканын айтып, тазалыкты сактоого чакырды.
Белгилей кетсек, "Күн балыктары" 1982-жылы салынган. Анын автору - сүрөтчү Владимир Кругман.