ЭЛДИК ВИДЕО: Төкмө акын Азамат Болгонбаев Аюуда каза болгондорду жоктоп ырдады

"Элдик видео" бөлүмүнө "Азамат Болгонбаев - Кайрат кыл, Өзгөн! Кайрат кыл, Кыргыз!" деген видео жүктөлдү (ник: Latyshka)

Төкмө акын Азамат Болгонбаевге байланышканыбызда буларды айтты:

"Жер жарылса акындын жүрөгүнөн өтөт", - дейт. Мен дагы кырсыкты көрүп, угуп жүрөгүм ооруду. Азаны бөлүшсөң азаят дегендей, жакындарынан айрылгандардын кайгысын тең бөлүшүү акындын, ар бир жарандын милдети деп билем. Ошол себептен бул жоктоо ырын жаздым".

Төмөндө ырдын тексти толугу менен берилди. Ал эми видеону көрүү үчүн шилтемени басыңыз.

Жашоонун жарык ак таңы,

Жер көчкөн кырсык каптады.

Өмүрдүн жарык ак таңы,

Өзөктү кырсык каптады.

Толкуган демин журтумдун,

Топурак көмүп таштады.

Кылыгы бузук кырсыктар,

Кыргыздан неге качпады.

Айнектей тунук балдарды,

Ажалдын алды ач жаны.

Жарыкты көрбөй наристе,

Жайрады бүлөө, жаш-кары.

Баш кошкон жаштар кечээ эле,

Бакытка жетпей жаш жаны.

Сыздатып бүтүн кыргызды,

Өзгөндүк бир туугандарга,

Өмүрдүн таңы атпады.

Ала-Тоо муңга курчалып,

Арбадың ажал мынчалык.

Күлкүсү күндөй бөбөктүн,

Күнөөсү жоктур кылчалык.

Ырысын ошол айылдын,

Ырдасак аттиң ыр чалып,

А бирок арга жок тура,

Жүрөктү ээлеп кайгыруу,

Жүзүбүз турат кумсарып.

Тоолорду дагы кулатып,

Тородуң ажал муң-салып.

Бир Кыргыз, жалпы биргебиз,

Бир өтөт, өмүр дүйнөбүз,

Жардам бер кайгы түштү деп,

Жалдырайт элек кимге биз.

Ажалдын жолун тосо албайт,

Акча, сом, алтын, дилдебиз.

Бир муштум болуп түйүлүп,

Бириксек журтум күндө биз.

Кайрымдуу болсок жеңебиз,

Кайгыга баткан күндөбүз.

Өзгөндүн Заргер айылы,

Өзөктүн ыйы, зарыбы.

Жүлүнгө чейин зыркырап,

Жүрөктүн сыздайт тамыры.

Көөдөндү жарып бул апаат,

Көктөмдүн өчтү жарыгы.

Боздотту жалпы Кыргызды,

Бозоргон тоонун адыры.

Алты бүлөөнү бир алып,

Арбыды ажал кадыры.

Түйшөлүп улуу Кыргыздын,

Түгөндү кайрат, сабыры.

Кыргыздын баары бир тууган,

Кыргызга кыргыз кайгырат.

Кырк атаң башка болсо да,

Кырсыктын салган ишинен,

Кыргыздан кыргыз айрылат.

Арманын, муңун бөлүшсөң,

Азаят экен кайгы бат.

Кыргызда болсо биримдик,

Кырсыкты жолдон тайдырат.

Аюу сай, Заргер, Өзгөнүм,

Айлыңда басып өспөдүм.

Көрүнсөк салам айтышып,

Көчөңдөн басып өтпөдүм.

Толкутуп өнөр тартуулап,

Тоюңда барып төкпөдүм.

Тууганмын бирок силерге,

Туралбайм карап чөккөнүң.

Баарыңар менин жакыным,

Барбасам дагы өз жерим

Кайгыга батып турганда,

Кайрат болсо экен сөздөрүм.

Жоктоймун бүгүн ыр менен,

Жоктоймун күйүт ый менен,

Өрттөнүп турат өз демим.

Кайгысы жалпы кыргыздын,

Кайгысы эмес өзгөнүн.

Баарыңа тилейм сабырды,

Бүгүн, ким кыргыз сезсе өздөрүн.

Бир айыл эмес кайгырган,

Бир адам эмес айрылган.

Муңканса бүтүн Ала-Тоо,

Муунуп турам кайгымдан

Туугандан турбуз айрылып,

Туйбаган чыгар айрым жан.

Кылымдар тапкан бир тууган,

Кыргызмын деген ар бир жан.

Белестер калды баспаган,

Бейиттер кайгы сактаган.

Чырактай балдар жалп өчтү,

Чырпыктар сынды шактаган.

Бүчүрлөр ачпай куурады,

Бүлөлөр бүтүн сулады.

Буйугуп асман зар болуп,

Булут да ыйлап кар болуп,

Буулугуп сыздап турабы?

Жаз келди бирок кайгыдан

Жайкалбай шибер тулаңы.

Арбагыңарга багыштап.

Айталы көп-көп дубаны.

Алып барсын бейиш төрүнө,

Аллахтын ыйык кураны.

Азаптан болдук кутулбас,

Азалуу болду ушул жаз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tatynam_88
2017-05-02 00:37:14
Ай байкуштарым ай
0
Rasul94
2017-05-02 11:07:23
ырдаган менен пайда жок да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан