Өзгөн районунун Заргер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкүдөн жабыркагандардын кем-каржысы көп. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда алар өздөрү билдиришти. Жабыркагандардын айтымында, күнүмдүк колдонуучу майда-барат буюмдан баштап төшөнчү орун да жетишсиз. Азыркы тапта алар үй-бүлөлөрү менен чатырларда жашап турууга муктаж.
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Азыркы убакытка чейин 3 адамдын жансыз денелери табылган.