Камчыбек Ташиев: "Урматтуу президент, Өзгөндө мүӊкүрөп турган элге мамлекеттин камкордугун көрсөтүӊүз"

Мурдагы депутат Камчыбек Ташиев 1-майда Өзгөндөгү көчкү боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Ташиев кырсык болгон жерде жергиликтүү чиновниктер жок экенин сындап, аларды жазага тартууну талап кылды.

"Эмне үчүн кырсык болгон жерде жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдын бир дагы өкүлү жок? Айыл өкмөттүн башчысы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын башчысы куткаруу операциясын жүргүзүп жатыптыр. Аким түгүл орун басары, облус жетекчисинин 3 орун басарынын бирөөсү жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 орун басарынын бирөөсү жок. Бул эмне деген кайдыгерлик?" - дейт Ташиев.

Ташиев 2008-жылы Аксы районунун Райкомол айылында көчкү түшүп 15 адам каза болгондо, Алайдын Нура айылында жер титиреп 75 адам каза тапканда министр катары ошол жерде эл менен жүргөнүн эскертип өттү.

"Спикер, өкмөт башчы, министрлер, губернатор, аким ал жерге эмне сүрөткө түшүп коюп отчёт берүү үчүн барыштыбы? Алар жылуу үйгө келип жатып алышты, эл эмне болду? Чатыр тиктик дейсиӊер, анын ичине жатууга мүмкүн эмес. Меш, жарык, жылуу кийим, ысык тамак-аш жок.

Урматтуу президент!

Мамлекеттин күчүн, камкордугун, милдетин жабыр тартып, мүӊкүрөп турган элге көрсөтүӊүз. Жооптуу мамлекеттик кызматкерлерге мыйзам чегинде чара колдонунуз!" - дейт Ташиев.

Экс-депутат кайрылууну интернет баракчасы аркылуу жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
adiletik
2017-05-01 18:00:07
2006-2007- жылдары Кочкордо тогуз балл жер титирегенде Ушул Ташиев деле келген эмес.
-22
virgin_girl
2017-05-01 18:03:43
adiletik,Туура айтасыз!
-22
nurbekasr
2017-05-01 19:05:27
virgin_girl,Камчыбек Ташиев эркек,бийликтегилер ХХХ
+14
Patriot7
2017-05-01 19:37:52
virgin_girl, Кочкордо жер титироо 2006-жылдын декабрында болуптур, ошол убакта МЧС министри ким эле озу?!! Жанышов беле, башкасы беле, айтор точно Ташиев эмес. Ташиев 2007-2009жж МЧС министри болгон. Достойный иштеп берген. Министрликти Ошко кочурууну колго алган да ушул адам. Анткени табият кырсыктарынын 3/4 туштук жергесинде катталат...
+9
Nokia
2017-05-01 19:24:20
adiletik,2006-2007-jyly kim bolchu ministir?
+3
uluk92kg
2017-05-01 18:24:53
Ай кыргыздар
-5
surgeon777
2017-05-01 18:26:47
Популисттик постторду мен деле жаза берем,андай кыйын болсо ундобой туруп озу деле жардам берип койбойбу,унун уч кундон кийин чыгарбай.
-17
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-01 19:10:51
Ташиев баргыдай министир беле.
+15
aselka
2017-05-01 19:58:12
Bolunbo.kyrgyz,министр болбосо деле кыргыз жараны катары келсин, пост жазып ойду тоону суйлобой силер келгиле! Бул кырсык болот, эки сааттан кийин эмне болорунду сен да, башкасы да билбейт. Эрдигинерди интернетте эмес, келип иш жузундо коргозгуло эр болсонор!
-10
tynara81
2017-05-02 00:34:33
aselka,жөн эле пост жазып койбоптур, кайрылуу жазыптыр президентке. Кыргыз жараны катары өз жардамын берсе бергендир, аны айтса дагы айтасыңар, берген жардамын айтпай эле койбойбу деп. Ал президентке мамлекеттин милдеттерин эскертип атыптыр, кыргыз жараны катары.
+6
nur_zhoni
2017-05-02 00:39:59
aselka, сен жон эле олтурчу бул жазганын менен жогорку кенештеги ХХХ коргоп жатасынбы алар эмне учун айлык акы алышып жатат ушундай иштерди ушундай болгон жерде эл менен чогу болгону эмесби
+5
Abubakir05
2017-05-01 19:19:53
Оштогу тополондо жалгыз озу журдуго туура айтат уялбай жылуу тошок жылуу чай ичип уйундо отурушат жепжутаттар.
+20
Nokia
2017-05-01 19:25:28
Tashiev mamlekettik birda kyzmatta ishtebeit, azamat oshoncho baryp eldin al akybalyn surap koigon
+17
Izdeim_seni.
2017-05-01 19:35:04
Окмот барбаса анан барды да был байке
+13
BekAmir
2017-05-01 19:40:48
Элдер туура суйлойлу. Мен ташиевдин эч кими эмесмин. Ташиев элге кайрымдуу инсан. МЧСтин министри болуп турганда элге аралашып койгойун укчу. Кичи мекенине дайым жардам берип турат
+12
baha1985
2017-05-01 19:50:37
Былтыры озбекстан Кыргызстанга Кирип келгенде Ташиев бардыго Ушул жерде Камчыбек мырзаны жаман дегендерге айтарым ар Бир жаран Кыргыз Деп Ташиевдей куйсо Анда Кыргызстан дуйнодогу эн алдынкы 10 мамлекетке кирмек
+19
jibew
2017-05-01 21:57:16
Ташиев туура айтат министр болуп турганда Аксынын Райкомол айылындагы жер кочкудо акыркы адамдын соогу табылганча турган тун киргенче.
+12
kenjebek_a
2017-05-01 22:31:46
Азыркы бийликтегилер Ташиевтин алдында жон эле жургон ХХХ .Туура айтат вицепример,МЧСтин 4замынын бири губернатор,Аким дегендер кайда элдин шоруна буткон.Аларга баары бир.СДПКнын же Иса Омуркуловдун журт атасы барып койсо болмок.1милион куп топуракты 4кундо тазалай албаган кандай мамлекет болдук.Балким дагы деле тируулор бардыр.Муфтият да бийликти колдоп сразу жаназа окуйт имиш.Молдого эт дегендей.Тынчтык убакта эптей албай жатат бийлик.
+7
ukmuw-ukmuw
2017-05-03 12:27:30
Озун реклама кылыптыр да !ай ай !не деерди да билбейсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан