Боинг кырсыгынан жабыркагандар элден чогултулган каражат адилетсиз бөлүштүрүлүп жатканын айтышууда

27-апрелде өкмөттүк комиссия Дача-СУ айылындагы учак кырсыгынын жабырлануучуларына моралдык колдоо катары 5 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алып, 232 жаранга акчалай каражаттар таратылганын КРнын Өкмөттүк Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү жарыялаган. SUPER.KG порталы бүгүн Дача-СУдагы тургундар менен байланышып элден чогулган акчалар кимге, канча суммадан бөлүштүрүлгөндүгүн сурамжылап көрдү.

Аталган айылдын жашоочусу Рысбек Алымкулов: “Эмне өкмөт акча бериптирби? Мен азыр силерден угуп жатам, негизи менин жашаган үйүм учак кулаган жерден бир чакырымдай алысыраак турат. Акча тууралуу билбейм, андан көрө бизди кооптуу аймактан качан, кайда көчүрөт экен ошол боюнча бийликтегилердин жообун уксак болот эле”, - деген ою менен бөлүштү.

Ал эми айыл тургуну Нуркыяз Машаев: “Бул жакта көпчүлүк жашоочулар үйлөрдү ижарага алып жашагандар, ээлери болсо шаарда турушат. Учак кулап түшкөндө, андан төгүлгөн керосиндин запкысын жашоочулар тартты. 5 миллион сом моралдык чыгымдар үчүн төлөндү. Үйлөрүн ижарага бергендер үйүнүн ижара акысын алып жаткандан кийин моралдык чыгымга деп берилген акчаны албай эле коюшса болмок. Бөлүштүрүү адилетсиз жүргүзүлүп жатат”, - дейт.

Акча каражаты Новопавловка айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн атайын комиссия тарабынан бөлүштүрүлдү. Анын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, каза болгондордун туугандары жана жергиликтүү тургундар кирген. Акыркы маалыматтар боюнча КРнын ӨКМнын атайын эсебине элден 102 миллион 160 миң 180 сом түшкөн.

Буга чейин аталган айыл тургундары комиссияга мүчө болуп кирген жергиликтүү тургундар менен материалдык чыгым тарткандардын ортосунда ажырым пайда болуп, пикир келишпестиктер жаралып жаткандыгын кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kroxa
2017-05-01 19:47:38
Элдин которгон акчасын да жеп жатышабы тоба...а озу окмот эмне жардам берет экен???
+3
Aruwka.89
2017-05-01 19:58:40
Ынсап берсин жеп атышса ХХХ
+2
Aruwka.89
2017-05-01 19:59:25
Элдин коз жашынан чогулган элдин ырыскысын каантип алышат алмак тугул алууну ойлоп коюштан уялыш керек
+2
maks94.kb
2017-05-01 21:37:33
Жанакы кара кутусу эмне болду экен учактын
+1
aerforce
2017-05-01 23:02:02
Ушул акчаны ызы чуу кылбай уй жайсыз калган жана жетим калгандарга шаардын бир четинен кабаттуу уй салып киргизип салса болмок себеби уй жайсыз калгандарга чындыгында оор ал эми козу отуп кеткен туугандардын урук туугандары эмне учун болуп алыш керек эгер козу откон адамдын артынан бала калса ал балага атайын эсеп ачып 18ке чыкканда алатурган кылса болмок бекер урук туугандар мен алам сен аласын деп уруштурбай
0
nuke1988
2017-05-01 23:40:40
Силер качан тойот экенсинер. Аркасы жаман болорун билип алгыла бербесенер ошого жооп берет турган Кун келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан