Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте турак жай курууга тендер жарыялады. Мындай маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды.
Маалым болгондой, бул турак жай 105-сериядагы 27 батирден турмакчы. Аны курууга 47 миллион 362 миң 933 сом жумшалат. Курулуштун бүтүшү 2017-жылдын 1-ноябрь күнүнө пландалууда.